Чүйдө бир нече уурулукка шектелип 3 жигит кармалды

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аламүдүн РИИБге Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан кылмышка шектүү жарандар жүргөн унаа аныкталып, жыйынтыгында жогорудагы уурулукка шектелип, 1997, 2001, 2004-жылы туулган 3 жигит кармалган. Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.