Чүйдө бирин-бири куткарам деп 5 эркек киши септикке түшүп кетти

Москва районундагы Александровка айылында жайгашкан турак үйдүн короосунда 5 эркек киши бири-бирин куткарам деп септикке түшүп кетишкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар жеткенге чейин түшүп кеткен жарандарды жергиликтүү тургундар кудуктан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалдары канааттандырарлык. Жерине 5 куткаруучу тартылган.