Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалган. Иш Аламүдүн райондук сотуна өттү.
- 28-сентябрь күнү 2021-жылы туулган бала белгисиз себептер менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Окуя болгон Көк-Жар жаңы конушуна ыкчам-тергөө тобу барган учурда, 2021-жылы туулган баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көгалалары менен табылган. Аталган факты катталып, адам өлтүрүү менен кылмыш иши козголгон.
Чүй ОИИБден журналисттерге билдиришкендей, медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, баланын өлүмүнө денесинен оор жаракаттар жана боору жарылгандыгы себеп болгон. Баланы кыйнап, сабашкан. Экспертиза көрсөткөндөй, апасы психикалык жактан жабыркайт. Учурда эки айыпталуучу тең камакта.