Чүйдө бутун өптүргөн «принцтин» беренеси алмаштырылды

Социалдык тармакта өзүн «принц» деп атоону талап кылып, жаракат алган өспүрүмгө бутун өптүрүп жаткан жарандын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу жаран кармалганын билдиришкен. 

Чүй милициясы маалымат таратып, тергөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектүү жарандын ушул сыяктуу дагы башка окуяларга тиешеси бар экени аныкталып, учурда кылмыштын курамы Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинен, уруп-сабоо кыйноо беренесине которулганын билдиришти.