Чүйдө бутуна тура албай калгыча мас болгон айдоочу башкаларды сүзүп кете жаздаган (видео)

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү мас айдоочуну кармады. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ, 29-сентябрда саат 18:30 чамасында жүргүнчүлөр Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратып, катары менен бара жаткан унаалардын жүрүү кыймылына тоскоолдук жаратып бара жаткандыгы боюнча жол тескөөчүлөрүнө кабарлаган. Бул маалымат боюнча Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери унаанын артынан кууп токтотуп, айдоочусун текшерген учурда мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочу наркология бөлүмүнөн текшерилип, унаасы айып короо жайына токтотулган. Мыйзамга ылайык бул айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги үчүн соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат.