Чүйдө чет элдик эки жаранды батирде коркутуп, 1 ай кармаган шектүү кармалды

Аламүдүн районунда чет элдик жарандын уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

11-февраль күнү милицияга Азербайжандын 1960-жылы туулган жараны кайрылган. Аны жана Азербайжандын дагы бир 2001-жылы туулган жаранын батирде бир ай бою кармап турган Влад жана Бактыбек аттуу жигиттерге чара көрүүнү суранган. Алар күч колдонуп коркутуп, арыз ээсинин Редми 10 маркасындагы телефонун тартып алышкан.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.