Чүйдө чет өлкөлүк жарандан 59 миллион сомдон ашык акчага бааланган баңгизат аныкталды

3-ноябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы «Манас аэропорту – Бишкек шаары» унаа жолунда чет элдик жаран жалпы салмагы 9 килограмм 980 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңги затын алып жүргөнү аныкталып, 1981-жылы туулган жаран кармалды. Аталган заттын 1 раммы базар баасында 6000 сомду түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 миллион 880 миң сомго жеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.