Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Аламүдүн районунда чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

26-декабрь күнү Таш-Дөбө айылында спирт ичимдигин ичип отуруп, 1972-жылы туулган Р.С. аттуу жаран менен анын шериги 1973-жылы туулган ялдын ортосунда чыр чыккан. Кесепетинен эркек киши чогуу жашаган аялына бычак сайып, аял алган жаракатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.