Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү табыла элек

Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектүү табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-мартта милицияга Сокулук районунда 1975-жылы туулган аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган Шаршеев Бердибек Шеримкулович аныкталган. Ал из жашырып кеткен.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0312 607567, 0500666600, 0702451577 номурларына чалсаңар болот.