Аламүдүн районунун жол тескөөчүлөрү адам өлтүрүүгө шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
21-октябрда саат 21:00 чамасында Аламүдүн районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бөлүнгөн аймагында кызмат өтөө учурунда көчөдөгү жаран Кой-Таш айылында төрт жаран урушуп жаткандыгын айткан. Окуя болгон жерге кызматкерлер барган учурда, болжолдуу 40 жаш курактагы жарандын жансыз денеси бычак сайылып, жерде жатканын көрүшкөн. Бул факты боюнча Аламүдүн районунун жол тескөөчүлөрү тарабынан ыкчам кармоо иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары жанындагы чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен 1990-жылы туулган У.Б. жана 1976-жылы туулнан К.П. аттуу жарандар бири качып бара жаткан жеринен, бири үйүнүн ичинен кармалган.
Азыркы учурда кылмышка шектүү эки жаран Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилип, дагы бир кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүргүзүлүдө.