Ушул жылдын 10-май күнү 9 жыл мурда өлтүрүлгөн 2 кишинин сөөктөрү табылган.
- 2013-жылдын октябрь айында 1989-жылы туулган Н.Кунбасов жана 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран милицияга кайрылган, алар үйүнөн чыгып, кайтып барышкан эмес. 3-майда Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү милиция бөлүмүнө келип түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган. Андан кийин дайынсыз жоголгон жарандардын туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташкан. Аталган кылмышты жасагандыгына шектүү катары 1985 жана 1964-жылы туулган жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечишкенин жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук соту менен байланышканыбызда, иш сотко өткөнүн айтышты. Маалыматка караганда, кылмыш иш боюнча соттук отурум бүгүн, 15-ноябрда Токмок шаардык сотунда жабык эшик артында өтүп жатат.