Чүйдө дөңсөөдөн топурак урап, бир жаран каза тапты

Бүгүн, 30-мартта саат 08:30дар чамасында Аламүдүн районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолу менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги дөңсөөдөн топурак урап түшүп, 1 эркек кишини басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, саат 10:05те эркек адамдын жансыз денесин чыгарган соң, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнүн тактоо жана окуяны иликтөө иши жүрүүдө.