Чүйдө дүкөндүн кароолчусу кирип уурулардын сазайын берген (видео)

Манас айылында каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 6-январда саат 03:45 чамасында Манас айылындагы «Манас-Сити» дүкөнүнө бычак менен кирип, кароолчуга бычак такаган. Андан соң телефон тартып алып, качып кетишкен.

 Кылмышка шектүү катары 2005, 2004 жана 1996-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.