Сокулук районунда эч себепсиз аялын сабап, ага бычак сайган делип жолдошу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Милицияга 1983-жылы туулган аял киши кайрылып, аны 19-майда мас абалындагы жолдошу эч себепсиз сабап, мойнуна бычак сайган күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү караты 1978-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.