Чүйдө ээнбаштыкка шектелген жаран кармалды. Ал бөтөлкөлөшүнө бычак шилтеген

Жайыл районунда ээнбаштыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-июль күнү Жайыл РИИБдин нөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алаган жаракатынан улам жаран жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде дароо Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жаракат алыган жарандын өзүгү аныкталып, анын 1977-жылы туулгандыгы, аты-жөнү такталган.

Териштирүү учурунда, 31-июль күнү жабырлануучу бейтааныш эркек кишилер менен ичимдик ичип отурушуп, алардын бири менен уруша кетип, жыйынтыгында бычактан жаракат алганы маалым болгон.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.