Чүйдө эки адамдын урушу ок чыгаруу менен аяктады. Шектүү кармалды

Кеминде адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-августта саат 20:12 чамасында Кемин РИИБге ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1997-жылы туулган жаранга ок тийгени маалымдалган. Окуя боюнча төмөнкүлөр аныкталган. Ошол эле күнү саат 11:00 чамасында эки жаран уруша кеткен. К.К аттуу жаран кайрадан саат 18:00 чамасында мылтыгын алып, урушуп кеткен кишиге талаага барып, ок чыгарган. Кийин из жашырган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.