Чүйдө эки адамга бычак сайылып, бирөөсү каза болду

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

19-ноябрда Кара-Балтадагы үйлөрдүн биринин алдында 1975-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге 3 жолу бычак сайылганы аныкталган. Ошол эле күнү ооруканадан кабар түшүп, 1995-жылы туулган бычактан алган жаракаттары менен жаран түшкөнү айтылган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө О.А. жана М.А. аттуу жарандар жолдон өтүп бара жаткан жаран менен уруша кетишкен. Ал алдынан чыккан 2 адамга бычак сайган. Тергөө уланууда.