Чүй облустук милициясы Төмөн-Суу айылындагы өспүрүмдөрдүн мушташы боюнча маалымат берди.
27-майда саат 01:20 чамасында Москва РИИБге Төмөн-Суу айылындагы Красноармейская көчөсүндө балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барышкан, бирок мушташтын катышуучулары милиция баргыча качып кетишкен. Окуянын күбөлөрү мушташ болгонун тастыкташкан.
Мушташка Төмөн-Суу менен Бала-Айылчы айылынын 19 жаштагы жигиттеринин кундүз урушканы себеп болгон. Ошол эле күнү кечинде 2005-2006-жылы туулган эки айылдын тургундары чогулушкан. Алардын ортосунда мушташ чыккан.
Мушташка катышкандардын арасынан 8 адам жаракаты менен ооруканага кайрылып, жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталган.