Чүйдө эки айылдын окуучулары мушташкан. Жабыркагандар жок

Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон массалык мушташ боюнча Чүй ОИИБ маалымат берди.

14-октябрда Токмок ШИИБге Токмок шаарынын 1-кичи району менен Чүй районуна караштуу Мээненткеч айылынын окуучуларынын ортосунда мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Токмок ШИИБге катталып, териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери мушташ Токмок шаарындагы эки мектептин 9-класстарынын окуучуларынын ортосунда чыкканын аныкташкан. Жабыркагандар жок.

Текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.