Чүйдө эки жеңил унаанын жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткендеги видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Токмоктун жанындагы айланма жолдо 2 жеңил унаа жүк ташуучу унаанын астына кирип кеткендеги видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 27-июлда таңкы саат 06:00 чамасында катталган. Жол кайгуул кызматы кырсык боюнча комментарий бере элек.