Кечээ, 16-январда Токмокто эки кичине кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан 31-декабрдагы Токмок шаардык сотунун чечими менен камакка алынганын маалымдашты. «Карыя ошондон бери камакта. Иш тергөөдө»,- дешти соттон.
- 19-декабрда Токмок ШИИБге 2010-жылы туулган кыздын 8 айлык боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты ШИИБге катталып, тергөө жүрө баштаган. Окуя боюнча милицияга 1987-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 1942-жылы туулган жаран анын 2010 жана 2008-жылы туулган кыздары менен жыныстык катнашка барганын айткан. Тергөө учурунда эки жашы жете элек кыздын 2022-жылдын жаз айларынан баштап, карыянын үйүн жыйноо үчүн барып жүргөнү аныкталган. Аталган кылмыш боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси менен иш козголгон. Окуяны Чүй ОИИБдин башчысы жана ИИМ өз көзөмөлүнө алган.