Чүйдө эки кичине кызды зордуктоого шектелген 80 жаштагы карыя 31-декабрдан бери камакта

Кечээ, 16-январда Токмокто эки кичине кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан 31-декабрдагы Токмок шаардык сотунун чечими менен камакка алынганын маалымдашты. «Карыя ошондон бери камакта. Иш тергөөдө»,- дешти соттон.