Чүйдө эки тааныштын жолугушуусу ок атуу менен аяктады

Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

9-июнда Ысык-Ата РИИБге Ново-Покровка айылынын тургунунун өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты катталып, анын негизинде текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1992-жылы туулган жаран мурда бир нече жолу 2007-жылы туулган жаран тарабынан коркутууга кабылганы аныкталган. 9-июнда Бишкек шаарында экөө жолугушууну уюштуруп, анын жүрүшүндө тапанчадан ок чыгарылган.

Окуя болгон учурда Чүй ОИИБдин ыкчам кызматкери мурда түшкөн ыкчам маалыматты текшерүү максатында жерине келип, 1992-жылы туулган жарандын өмүрүнө коркунуч жаралганын байкап, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында мыйзамга ылайык асманга эскертүүчү ок чыгарган.

Шектүү окуя болгон жерде кармалып, тапанча, ок-дарылар жана гильзалар далил катары алынган. Тергөө учурунда шектүү билдиргендей чатак жеке мамилелердин негизинде чыккан. Ал ок чыгарган куралды Ысык-Көл облусунда окуя болор күнү Бишкек шаарына алып келгенин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.