Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам көз жумду. Жабыркаган 10 жаран ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши мерт кетип, 10 адам жабыркаган. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканага жеткиришкен.