Чүйдө жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 29-чакырымында катталган. Оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы жигит жеринде каза болуп, куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ошондой эле кырсыктан 25 жаштагы эки эркек жаран жабыркаган, алар Тез жардам унаасы менен Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди.