Чүйдүн Беловодское айылынын Колхозная жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Форд Транзит жана Вольво оор жүк ташуучу унааларынын каттышуусунда катталган. Кырсыктын кесепетинен 2 адам унаага кыпчылып калган — 1994-жылы туулган аял киши жана 2000-жылы туулган жигит. 5 куткаруучу тартылып, жарандарды унаадан чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.