Чүйдө эки унаа сүзүшүп, 4 киши оорукага кайрылды

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 4 киши жабыркады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыганан билдиришти.

Кырсык кечээ, 9-февралда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт ички жолунун 19,500-чакырымында катталган. 1991-жылы туулган Мерседес Бенц-220 унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай, каршы тилкеге чыгып, Мерседес Бенц Спринтер менен кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен 1991-жылы жана 1978-жылы туулган эки айдоочу жана 1949, 1990-жылы туулган жүргүнчүлөр Кант шаарынын ооруканасына кайрылышты.