Чүйдө эки унаа сүзүшүп, эки адам жаракат алды

Бүгүн, 12-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык саат 9:00 чамасында катталган. Анда Daewoo Nexia менен Mercedec-Benz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.