Чүйдө эки унаанын ортосунда калган жаран көз жумду (видео)

Социалдык тармакта жүрөктүн үшүн алган жол кырсыктын видеосу тарап жатат. Видеодон жаран жүктү маршруттук таксинин багажына салып жатканда артынан жеңил унаа сүзгөнүн көрүүгө болот. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан жарандын каза болгонун билдиришти.

Кырсык 11-июнда катталган. «11-июнь күнү саат 06:30 чамасында Хонда Степ Вагон унаасы Ош-Бишкек унаа жолунан батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын артынан сүзгөн. Андан кийин Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа астында турган Форд Транзит үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаага жүк жүктөп жаткан жаран каза болгон. Ал эми Хонда Степ Вагон үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү Москва районунун ооруканасына жаракаттары менен кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

Видеону сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт!