Чүйдө экстремистик материалдарды таркатууга шектелип 41 жаштагы аял кармалды

Экстремистик материалдарды таркатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Чүй ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүруш иштеринин натыйжасында, Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу кармалган.

Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин натыйжасында жогорудагы аял экстремистик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аракылуу жайылтканы аныкталып, аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык таркатылган материалда экстремистик маанилер камтылганы аныкталган. Чүй ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.