Чүйдө эркек кишинин бычакталган жансыз денеси үйүндө табылган. Шектүү аял кармалды

Ичкиликтен чыккан уруш адамдын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул айдын башында Аламүдүн РИИБгө Ленинское айылынын 1963-жылы туулган тургундун өзүнүн үйүндө, жансыз денеси бычактан алган жаракаты менен табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында 122-берене менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адам аныкталды. Ал өлгөн адам менен чогуу жашаган 1977-жылы туулган аял болуп чыккан. Кылмыш ичкиликтен келип чыккан уруштун айынан болгондугу аныкталган. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.