Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт

Чүй облустук милициясы каза болгон эркек кишинин аты-жөнүн тактоого жардам алуу үчүн коомчулукка кайрылат.

Маалыматка караганда, 21-ноябрда Ысык-Ата районунун аймагында болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда анын аты-жөнүн жана улутун тактоого мүмкүн болбой жатат.

Белгилери: бою 183 сантиметр, бутунун өлчөмү 45, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: кара спорттук шым, футболка, кара спорттук бут кийим, кара куртка.

Кимде жаран тууралуу маалымат болсо, 0312430127, 0707365185, 0701455594, 0776002034, 0701102402, 0552102512, 0704980808, 0554-17-22-26 номурларына чалсаңыздар болот.