Чүйдө гаражда чыккан өрт 1 адамдын өмүрүн алды

Чүйдө гараждан чыккан өрт 1 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында катталган.

Өрттү өчүрүүгө саат 06:48де Бишкек шаардык ӨККБдан 1 бөлүм тартылып, саат 07:34дө чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган эркек киши каза болгон.