Чүйдө «Йакын инкар» экстремисттик уюмунун 50дөн ашык мүчөсү аныкталып, лидери кармалды (видео)

Чүй облусунда “Йакын инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы диний экстремисттик уюмдун 50дөн ашык мүчөсү кармалып, алардын лидери катары иш жүргүзүп келген 1970-жылы туулган жаран дагы кармалган. Ал буга чейин да «Йакын инкар» экстремисттик уюмдун мүчөсү катары соттолгондугу ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде кылмыштарыдын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын лидери аталган агымдын мүчөлөрүн каржылап, окууларды уюштуруп турган. Ошондой эле Москва районунун аймагында жайгашкан бир нече даректерде жатаканаларды уюштуруп, ал жерлерде тыюу салынган агымдын идеологиясын жайылтып жүргөнү аныкталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Йакын инкар” экстремисттик агымдын активдүү мүчөсү катары 4 адам кармалып убактылуу кармоочу жайга камака алынды. Учурда сот тарабынан Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алуу чечими каралып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.