Чүйдө ишкерден 45 миң доллар талап кылган 5 шектүү кармалды (видео)

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул туууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын сентябрь айында Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ири суммадагы акчаны ай сайын берип турууну талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.

Бир аз күн мурда Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн — 165 миң сомду опузалап алган жеринен кылмыштуу топ кармалды.

Кармалган жарандар:

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.