Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жакыны менен байланышканда маалым болду. Анын жансыз денеси суудан 12:00 чамаларында табылган.
- Ал 15-февралда саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын боюнан дайынсыз жоголгон кыздын курткасы, сланцысы жана уюлдук телефону табылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышканыбызда «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты» деген болчу.