Чүйдө изделип жаткан 19 жаштагы Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды

Чүй облусунда дайынсыз болуп жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси табылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын жакыны менен байланышканда маалым болду. Анын жансыз денеси суудан 12:00 чамаларында табылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын атасы менен байланышканыбызда «Турмушка чыкканына 2 ай болгон. Акыркы жолу кызым менен 14-февралда саат 21:00дө сүйлөшкөм. Кайын журтунан сурасак, үйдө уруш болбогонун, жолдошу экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгонун айтышты» деген болчу.