Чүйдө изделип жаткан 3 жаштагы баланын сөөгү табылды

Чүй облусунда изделип жаткан 3 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

27-август күнү Ысык-Ата районунун Дружба айылынан Чоң Чүй каналга түшүп кеткен 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Учурда материал боюнча бардык керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

19-августта саат 18:40 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Дружба айылынан 2021-жылы туулган 3 жаштагы бала суунун жанында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Ысык-Ата РИИБдин электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин тынымсыз жүргүзүп келишкен.