Чүйдө изделип жаткан жаран киши колдуу болгон. Шектүү катары 3 киши кармалды

Кечээ, 24-июлда Чүй ОИИБ Сокулук РИИБдин кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды издеп жатканы тууралуу маалымат беришкен.

Жаран 22-июлда үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Бүгүн, 25-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жарандын жансыз денеси табылганы маалым болгон. Маалыматты редакцияга Чүй ОИИБден тастыкташты. «Сокулук РИИБде киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам кармалды»,- дешти милициядан.