Чүйдө жана Жалал-Абадда ачык аянтта өрт чыкты

Чүйдө жана Жалал-Абадда ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнүн Узун-Кыр тоосунда болжол менен 100 гектар кургак чөп күйгөн. Ал жерде куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар өрт өчүрүү иш чараларын улантууда. Өрт кырсыгы толук көзөмөлгө алынган. Жайылуу жана башка чарбалык объекттерге өтүү коркунучу жок.

Кара-Көл шаарына караштуу Жаз-Кечүү айыл аймагынын Каражыгач тилкесинде ачык аянтта куураган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм жана өрт өчүрүүчүлөр тартылган.