Чүйдө жансыз денеси 2 метр тереңдиктеги люктан табылган аял «NazarNews» агенттигинин эсепчиси болгон

Чүйдө жансыз денеси 2 метр тереңдиктеги люктан табылган аял «NazarNews» агенттигинин эсепчиси болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалыматты «NazarNews» агенттигинин редактору Гүлжан Шерипбаева тастыктады.

«Ал бизде 2 жылдан бери эсепчи болуп иштеп жаткан. Ден соолугуна байланыштуу акыркы күндөрү анда- санда келип иштечү. Мен деле анын дайынсыз болуп жатканын дүйшөмбү күнү (ред. 19-сентябрь) уктум. Жакындары чалып, дайынсыз болуп жатканын айтышкан», — деди ал.

Чүй ОИИБ маалымат таратып, анын жансыз денеси эки метр терендиктеги люктан табылганын билдиришкен. Шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.