Чүйдө жаран талаада сабалып, тонолгон. Шектүү катары 2 жаран кармалды

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

25-июлда милицияга арыз менен 1996-жылы туулган Ивановка айылынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү түнкү саат 01:30 чамасында 20-25-жаштардагы адамдар Дмитриевка айылына жакын талаадан аны ур-токмокко алышып, жанындагы 8 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун тартып алганын билдирип, чара көрүүнү суранган. Бул факты Ысык-Ата РИИБге катталып, Жазык кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 2001 жана 2005-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.