Чүйдө жаран үйүнөн баалуу буюмдарын таппай калган. Мурда соттолгон жаран кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июнда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси үйүндөгү баалуу буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, мурда да уурулук жана тоноо сыяктуу кылмыштары үчүн соттолгон 1997-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.