Чүйдө жаранды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-ноябрь күнү саат 00:36 чамасында Беловодское айылында 1977-жылы туулган жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп, качып кеткен. Ал эми жөө жүргүнчү жол кырсыгы болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган жаран кармалып, андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Москва РИИБге жеткирилген. Ал эми Субару Форстер үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.