Чүйдө жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды (сүрөт)

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

14-ноябрь күнү саат 19:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 54,500 чакырымынан 1975-жылы туулган жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, качып кеткен. Жөө жүргүнчү жол кырсык болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган жаран кармалды. Ага тийиштүү чара көрүү үчүн Ысык-Ата РИИБнүн тергөө кызматына жеткиришкен. Ал эми “Тойота Ландкрузер” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.