Каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш 6-мартта катталган. Ак-Ордо жаңы конушунда жарандын өз үйүндө тааныштары арматура менен сабап, анын 14 миң 500 сомун тартып кетишкен. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 1991 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.