Чүйдө жарандын ишенимине кирип, 60 миң долларын алып кетишкен. Шектүү аял кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, май айында анын ишенимине кирип, 60 миң долларын алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Буга чейин бул факты боюнча бир жаран кармалган.

Экинчи шектүү катары 1980-жылы туулган аял киши кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.