Чүйдө жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Шектүү катары чет өлкөлүк жаран кармалды

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип, чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-апрелде саат 05:30 чамасында Ысык-Ата РИИБге Станция Ивановка айылында жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция жарандын денесинен 10дон ашык бычактан алган жаракаттарды аныктаган. Ошол эле учурда жансыз дене табылган даректен колунан жаракат алган жарандын ооруканага кайрылганы маалым болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, далил катары 25 сантиметрлик бычак табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.