Чүйдө жарандын үйүнөн граната менен «Макаров» тапанчасы табылды

Чүйдө “РГД-5” гранатасын жана “Макаров” тапанчасын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

27-январда Чүй ОИИБге жаран Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында курал-жаракты, жардыргыч заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап, колунда бар жарандардын мүлкүн жана акчасын опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Токмок ШИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. 28-январда Аламүдүн айылында жайгашкан үйдү тинтүү учурунда 1986-жылы туулган жаран кармалып, андан 1977-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери РШ2223 болгон 9 мм калибрдеги кыска стволдуу ок атуучу “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасы, 17 даана заводдо чыгарылган 9х18 мм калибрдеги ок-дарысы, “РГД-5” гранатасы табылып, миналардан тазаланган.

Кылмышка шектүүнүн буга чейин да издөөдө жүргөнү аныкталган. Ал кармалып, камакка алынган.