Чүйдө жаш келин 3 жаштагы кызына өгөй атасы сексуалдык аракет кылганын айткан

2018-жылы туулган кызга карата сексуалдык аракет кылуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февраль күнү Сокулук РИИБге 1998-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, анын жарандык никедеги жолдошу 2018-жылы туулган кызына карата сексуалдык ыплас аракеттерди жасаганын билдирген. Бул факты бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери башталган. Арыздануучу 18-февралда кызын жуунтуп жатып, денесиндеги кызарган жерин көргөн. Жарандык никедеги жолдошу тарабынан сексуалдык ыплас аракеттер жасалганы тууралуу угуп, дароо милицияга арыз менен кайрылганы маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан арыздануучунун жарандык никедеги жолдошу милицияга жеткирилип, териштирүү учурунда ал эч кандай окуя болбогонун айтып, андай ишке барбаганын билдирген. Окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Ыкчам тергөө иштери улантылууда.